ВИСБЮ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИ́СБЮ , В и с б и – Швециядагы шаар, Гот­ланд а-нын ж-а ленинин (адм.-айм. бирдик) башкы шаары. Калкы 22,0 миң (2006). Деңиз порту; эларалык аэропорту бар. 9-кылымда отурук­таша баштаган. 11–13-кылымда ири соода борбору. Шаардын кууш көчөлүү о. кылымдык бөлүгү уз. 3,4 км келген калың дубалдуу чептер м-н кур­чалган. Шаардын борб. бөлүгүндө Кудай Эне собору, о. кылымдын чиркөөлөрүнүн калдык­тары – Ыйык Периште (13-к.), Ыйык Николай


Шаардын эски бөлүгүндөгү көчө.


(13–15-к.), Ыйык Екатерина (13-кылымдын ортосу, 1412), Ыйык Ларс (13-кылымдын 2-жарымы), чир­көөлөрү, «Эски дарыкана», Лильехорндун (13-к.) ж-а бургомистрдин (16–17-к.) үйлөрү, ратуша (18-к.), 18–19-кылымдын жыгач үйлөрү сакталган. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Готланддардын байыркылыгын баян­даган музей (1875; руна жазуулары бар таштар, о. кылымдын иск-восу) иштейт.