ВИСКОНТИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИСКО́НТИ Лукино (2.11.1906, Милан – 17.3. 1976, Рим) – итал. кино ж-а театр режиссёру, сценарийчи. Кинематогр. чыг-лыгы 1936-ж. Францияда башталган. В-нин биринчи филь­ми («Оопайлык») Ж. Кейндин «Почтальон ар дайым эки жолу шыңгыратат» романы б-ча (1942) коюлган. Фашисттерге каршы күрөшкө катышып, камакка алынган. 1945-ж. «Даңктуу күндөр» аттуу даректүү фильмди тартууга ка­тышкан. В-нин «Сулуунун сулуусу» комедиясы (1951), «Биз – аялдар» кыска метраждуу новел­ласы (1953) согуштан кийинки Римдин көчөлөрү, шаардын психологиясы ж-дө. Ф. М. Достоев­скийдин «Буурул түндөр» (1957) повестин экран­даштырган. Драмалык ж-а муз. театрда У. Шекс­пирдин, А. П. Чеховдун, Ж. Коктонун, Ж. Ануй­дун пьесаларын, Г. Доницеттинин, Ж. Верди­нин, Р. Штраустун операларын койгон. «Чоң жетигендин булуттуу жылдыздары», «Венгрия­дагы өлүм», «Кабылан» фильмдеринде Верди ж. б. композиторлордун вальстарын колдонгон. В-нин «Кабылан» фильми 1962-ж. Канныда эла­ралык кинофестивалдын (ЭКФ) башкы байге­син, «Чоң жетигендин булуттуу жылдыздары» фильми 1965-ж. Венецияда ЭКФтин башкы бай­гесин жеңип алган. Ги де Мопассандын новел­ласы б-ча «Сыйкырчылар» (1966), А. Камюнун романы б-ча «Бөтөн келин» фильмдерин кой­гон. 1970-ж. тартылган «Венециядагы өлүм»

Л. Висконти. «Кудайлардын кы йр аш ы» филь мин е н кадр. 1969.



фильми 1971-ж. Канныда эларалык кинофести­валдын сыйл. ээ болгон. «Людвиг» (1972), «Жа­салгада үйбүлө портрети» (1974), «Күнөөсүз» (1976) кинофильмдери лирикага, энелик мээримге, ашыктык сезимдерге жык тол гон.

Ад.: Шитова В. Л. Висконти. М., 1965. А. Пазылов.