ВИСМАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИ́СМАР – Германиянын түндүгүндөгү шаар, Мекленбург – Алдыңкы Померания жеринин (адм.-айм. бирдик) аймагында. Калкы 44,8 миң (2006). Балтика деңизиндеги Висмар бухтасын­да жайгашкан порт. Алгач 1229-жылдан эске­рилет. 1257–1358-ж. Мекленбург княздарынын резиденциясы. В-дын борборунда готика стилин­де кыштан салынган Ыйык Мария чиркөөсүнүн

Ыйык Николай чиркөөсү.




батыш мунарасы (1260), Ыйык Николай (1381– 1487), Ыйык Георгий (13–16-к.), Ыйык Периш­те (15-к.) чиркөөлөрү, Мекленбург княздарынын ренессанс стилиндеги Фюрстенхоф сарайы, ба­рокко стилиндеги Цейхгауз (18-к.), ренессанс сти­линдеги «Суу искусствосу» фонтаны бар. 14–19- к-дын үйлөрү м-н курчалган Чоң базар аянты сакталган. Шаардын тарыхый борб. бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Технол., бизнес ж-а дизайн ун-ти, тарых му­зейи, театр, зоопарк бар. В. – балык кармоочу флоттун базасы. Кеме куруу ж-а ремонттоо, ба­лык өнөржай ишканалары иштейт.