ВИСНА-МАЭДИ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИСНА́-МАЭ ДИ – койдун өпкөсүн катуу сезген­тип, арткы буттарын шал кылуучу өнөкөт жу­гуштуу ылаң. Ылаң биринчи жолу Исландияда 1935-ж. висна (илмийүү, жүдөө), бир нече жыл­дан кийин маэди (энтикме) деген ат м-н бел­гилүү болгон. Ылаң Кырг-нда да кездешет. Аны В. И. Митрофанов изилдеген (1976). Ылаңдат­кычы РНКлуу вирус, ал айлана-чөйрөгө турук­туу. Кашар м-н жайытта бир нече ай сакталат, вирус тоңдурулуп, кайрадан эритилсе да, виру­ленттүүлүгүн жоготпойт. Ылаң күтүүсүздөн баш­талат, клиникалык белгилери акырындык м-н айкындалып, ылаңдаган малдын саны көбөйөт. Дарт жай өтүп, узакка созулат. Инфекциянын булагы – ылаңдуу мал. Көбүнчө 2 жаштан жо­горку койлор ылаңдайт. Инфекция м-н булган­ган жем-чөп, суу, топурактан ооз, о. эле аба аркылуу да жугушу мүмкүн. Ылаңдын жашы­руун (букма) мезгили өтө эле узак (6 айдан 6 жылга чейин). Койлор көп убакытка вирусту жашыруун алып жүрүп, соо койлорго жугуза берет. В.-м. нервди ж-а өпкөнү сезгентет. Нерв сезгенгенде ылаңдаган кой бир аз чуркаса эле эрини калтырап, башын чайкап туруп калат. Ылаң улам күчөп, бара-бара арткы буттары жакшы кыймылдабай шал болот. Өпкөсү сез­генгенде койдун дем алуусу кыйындайт, энти­гет. Бара-бара тез дем алып, кургак жөтөлөт, бирок мурдунан илээшкек суюктук агат. Арык­тайт, ылаңдын клиникалык белгилери бир нече айдан 2 жылга чейин созулат, кой өлөт. Кли­никалык белгилердин, патанат. өзгөрүүлөрдүн, лабор. изилдөөлөрдүн (клетка культурасында­гы өзгөрүүлөр), серологиялык реакциялардын негизинде диагноз коюлат. Ылаңга каршы вак­цина ж-а дары-дармек жок. Ылаңдан сактануу үчүн бир эле мезгилде бруцеллёзго ж-а В.-м-ге текшерүү зарыл. Ылаңдуу кой этке төгүлөт. Д. Раимбеков.