ВИТЕБСК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИ́ТЕБСК – Беларуссиянын түн.-чыгышындагы шаар, Витебск обл-нун борбору. Калкы 342,2 миң (2006). Батыш Двина д-нын боюнда. Жолдор тоому. Деңиз порту. Аэропорту бар. Шаар

11-кылымда негизделген. 1101-жылдан Витебск княздыгынын борбору. 14-кылымдан Литва м-н Польшанын, 1772-жылдан Россия империясынын, 1919– 24-ж. РСФСРдин, 1924-жылдан БССРдин курамында. Благовещенск (12-к.), барокко ж-а классицизм стилиндеги Казан чиркөөлөрү (1760), Ыйык Троица Марк (14–15-к.) ж-а монастырлар ансамбли (14–15-к.), Успенье собору (15-к.), иезуит коллегиуму (18-к.), губернатор сарайы (18-к.), ратуша (учурда крайтаануу музейи), туракжай үйлөрү, Ыйык Варвара костёлу ж. б. бар. 1988-ж. «Амфитеатр» маданий-спорт комплекси, 20-кылымдын аягында Жеңиш аянты мемориалдык комплекси м-н ачылган. Ун-ттер, ветеринария медицинасы академиясы (1924), артборбор (1992) ж-а М. Шагалдын үй-музейи, менчик коллекция музейи, театрлар иштейт. 1987- жылдан эларалык заманбап хореография, 1992- жылдан эларалык «Славян базары» иск-во фестивалдары өткөрүлөт. Станок куруунун ж-а жеңил өнөржайдын ири борбору. Металл кесүүчү, жыгаччылык станоктору, трикотаж буюмдар, радио деталдары, телевизорлор («Витязь»), ченөөчү приборлор, эмерек, буткийим («Белвест») ж. б. чыгарылып, килем токулат. В-ге жакын чептердин калдыктары, И. Е. Репиндин парк чарбагы жайгашкан.
казып алынат.
3 8
Ад.: Витебск//Энциклопедический справочник.