ВИТГЕНШТЕЙН: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИ́ТГЕНШТЕЙН (Wittgenstein) Людвиг (26.4. 1889, Вена – 29.4.1951, Англия, Кембриж) – австриялык философ, логик, анализчил фило­софиянын ири өкүлү, Бертран Расселдин шакир­ти, Кембриж ун-тинин профессору (1939–47). «Логикалык-философиялык трактат» деген эм­гегинде ырааттуулугу жагынан логикадай же­тик, «идеалдуу» жасалма ил. тилди түзүү про­граммасын сунуш кылган. Анын үлгүсү – ма­тем. логиканын тили болуп жүрөрүн, ага өтөрү м-н философия көптөгөн маанисиз, логикасыз баяндоолордон арыларын, ушул мааниде фило­софия «тилди сындоо» экенин белгилеген. Дүй­нөнүн түзүлүшүнүн билимдердин системасында­гы чагылып сүрөттөлүшү болуп саналган логи­калык атомизм окуусун иштеп чык кан.

Минск, 1988; Шатский А. С. Витебск: Жизнь искусства. 1917–1922. М., 2001.