ВИТИМ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИТИ́М – Чыгыш Сибирдеги дарыя, Ленанын оң куймасы. Уз. 1837 км, алабынын аянты 225 миң км2. Витимкан ж-а Чина д-нын кошулушунан түзүлөт. Витим бөксөтоосу, Становой тайпактоосунун чети м-н агып, чатына жакын дельтаны пайда кылат. Босоголуу. Негизги куймалары: Ципа (сол), Калар (оң). Орт. чыгымы 1520 м3/сек. Майдан ноябрга чейин суусу кирет. Ноябрдан майдын ортосуна чейин то ңот.
Чатынан 300 кмге чейин кеме жүрөт. Боюнда Бодайбо ш. жайгашкан. Алабында алтын, слюда кендери бар.