ВИТРАЖ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИТРА́Ж (фр. vitrage, лат. vitrum – айнек) – орнаменттүү же сюжеттүү жасалга композициясы. Ал түрдүү түстөгү айнектерден же жарык өткөргүч материалдардан жасалып, терезе, эшик ж. б. бош жерлерге ж-а өзүнчө панно түрүндө орнотулат. Курулуш практикасында имарат маңдайынын туташ айнектелиши В. деп аталат.

13–14-кылымда готика соборлорунда майда ж-а ар түрдүү формадагы коргошун м-н бири бирине бекитилген В-дар коюлган. 20-кылымда кум бүрккүч аппараттардын жардамы м-н иштетүү, ойдуруу, гравирлөө ыгы В. жасоо практикасына кеңири кирди. Арх-ранын өнүгүшү В-дын көркөм ж-а жаңыча чечилишине мүмкүнчүлүк түзү үдө.
Ад.: Минухин Е. Витражи. Рига, 1959.