ВИТТЕНБЕРГ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИ́ТТЕНБЕРГ , Л ю т е р ш т а д т – Германиядагы шаар, Саксония-Анхальт жеринде (адм.- айм. бирдик). Калкы 44,6 миң (2006). Эльба д-нын боюнда жайгашкан. В. аркылуу Берлин – Лейпциг – Франкфурт-на-Майне темиржолу, Берлин – Лейпциг автомагистралы өтөт. Алгач 1180-жылдан эскерилет. 1293-жылдан шаар. 1486–1547-ж. герцогдордун (мезгил-мезгили м-н), андан кийин Саксония курфюристтеринин резиденциясы. Шаардын борборунда Рынок аянты, Ыйык Мария собору ж-а М. Лютердин эстелиги ж. б. жайгашкан. Шаардын эски бөлүгүндөгү Бардык Ыйыктардын сарай чиркөөлөрү, Меланхтондун ренессанс стилиндеги үйү (1536–39), Лютер

гимназиясы бар. Лютердин өмүр жолуна байланыштуу курулуштар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Ун-ттер, музей, хим., тамакаш, машина куруу өнөржай ишканалары иштейт. 1990-жылдан кийин бир топ өнөржай ишканалары, шаарга жакын шахта, карьерлер жабылып, шаардын калкы 9,4 миң адамга азайган.