ВИШИ ӨКМӨТҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИШИ́ ӨКМӨТҮ (1940–44) 2-дүйнөлүк согуштун учурунда француз өкмөтү жайгашкан Виши ш-нын атынан аталган. Франциянын жеңилиши м-н 1940-ж. 22-июнда жарашууга кол коюлуп, Франциянын түн. бөлүгү Париж м-н бирге фашисттер тарабынан оккупацияланган. Өлкөнүн калган бөлүгү көзкарандысыздыгын
шарттуу түрдө сактап калып, Виши ш. мамлекеттин борборуна айланган. 10-июлда парламент бийликти маршал А. Ф. Петенге берген. Ошентип Үчүнчү республика өз жашоосун токтоткон.
Франция территориясынын 1/3 бөлүгү бул өкмөттүн карамагында болгон. Петен өлкөнүн кыйрашынын негизги себеби катары демокр. түзүлүштү күнөөлөп, өлкөнүн аталышындагы республика сөзүн колдонбой, өзүн «Француз мамлекетинин башчысы» деп жарыялаган. Бардык саясий партиялар таркатылган, профсоюздарга тыюу салынган. Үчүнчү республиканын көрүнүктүү мамл. ишмерлери сот жообуна тартылган, 75 миң чет элдик еврейлер нацисттерге берилген. Тышкы саясатта Петен Германия м-н кызматташууга чакырган. 1944-ж. германиялык аскерлердин өлкөнүн аймагынан чегинүүсү м-н жоюлган.