ВИШНЕВСКИЙ Александр Васильевич: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИШНЕ́ВСКИЙ 2 Александр Васильевич [23.8 (4. 9).1874, Дагстан, Чирьюрт айылы – 13.11.1948, Москва] — сов. хирург, СССР МИАнын анык мүчөсү (1947), РСФСРдин илимге эмг. сиң. иш­мери (1934). Казан ун-тинин мед. ф-тин бүткөн (1899). Казандагы госпиталдык хирургия (1914— 25) ж-а ф-ттик хирургия клиникасынын баш­чысы (1926—34). СССР МИАнын Хирургия ин­тунун директору (1947). Ушул ин-тка 1948-ж. В-дин ысмы коюлган. В. операция убагында ооруганды сездирбей турган новокаинди колдо­нуу ж-а майлуу бальзамды (Вишневский майы) сыйпап таңуу методун сунуш кылган. Бул ме­тод антисептикалык дары катары гана эмес, нерв системасына таасир эткендиктен, ткандардын сезгенишин (гангрена, трофикалык жара, тром­бофлебит, чыйкан, ириң толгон шишикти) да­рылоодо да жакшы натыйжалар берет. СССР Мамл. сыйл. лауреаты (1942). Ленин, Эмгек Кы­зыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.