ВИШНЕВСКИЙ Всеволод Витальевич: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИШНЕ́ВСКИЙ Всеволод Витальевич [8(21).12. 1900, Санкт-Петербург –28.2.1951, Москва] – орус жазуучусу. Ал биринчи дүйнөлүк согушка, 1917-ж. октябрда Петрограддагы көтөрүлүшкө катышкан. Гражд. согушта (1918–20) жүрүп, Балтика ж-а Кара деңиз флотторунда командир ж-а саясий кызматкер болгон. 1939-ж. ак финдер м-н болгон согушка, 1941–44-ж. Ленинградды коргоого катышкан. 1944–51-ж. «Знамя» журналынын редактору болуп иште ген.
Чыг-лык иши 1920-жылдарда башталган. «Деңиз аңгемелеринин жыйнагы» (1924), «Биринчи атчандар армиясы» (1929) аттуу эпикалык драмасы, «Акыркы чечүүчү» (1931), «Батыштагы салгылашуу» (1933), «Оптимисттик трагедия» (1933), «Унутулгус 1919-жыл» (1949; СССР мамл. сыйл., 1950) пьесалары бар. В-дин «Оптимисттик трагедиясы» б-ча жазылган опера Кырг-нда да коюлган. Эки Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.