ВКП(б) БКнын ОРТО АЗИЯ БЮРОСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВКП(б) БКнын ОРТО АЗИЯ БЮРОСУ [1925-жылга чейин РКП(б) БКнын Орто Азия Бюросу] – 1922-ж. апрелде РКП(б) БКнын Түркстан
бюросунун ордуна түзүлгөн жетекчи орган. Анын бөлүмдөрү ж-а парт. уюмдарга жетекчилик кылуучу аткаруу комиссиялары болгон. ВКП(б) БК бюро мүчөлөрүнүн санын белгилеген ж-а бекиткен. ВКП(б) БКнын О. А. б-нун биринчи төрагасы С. И. Гусев, андан кийин 1922–24-ж. Я. Э. Рудзутак болгон. 1924-ж. ал кызмат ВКП(б) БКнын О. А. б-нун биринчи секретары деп аталып, анда И. А. Зеленский (1924–31) ж-а К. Я. Бауман (1931–34) иштеген. 1924-ж. Бюро секретарларынын саны көбөйгөн. О. Азия респ-ларындагы парт.-сов. уюмдарынын жетекчилери (Ф. Хожаев, А. Осмонбеков, К. Атабаев, Т. Рыскулов, Р. Исламов ж. б.) ал Бюрого мүчө болушкан. ВКП(б) БКнын О. А. б. жерг. калктан парт., мамл., чарба кадрларын даярдоодо зор милдет аткарган; О. Азияда Совет бийлигин орнотууга ж-а чыңдоодо, чет өлкөлүк интервенттерди ж-а ички рев-яга каршы кыймылды басууда жетекчилик кылган. 1924–25-ж. О. Азия элдеринин улуттук-мамл. бөлүнүшү, респ-лардын ж-а респ. компартиялардын түзүлүшү, 1924–29-ж. жер-суу реформаларын жүргүзүү, эл чарбасын өнүктүрүү, аялдар азаттыгына байланыштуу маселелерди чечүүгө байланыштуу иштер, о. эле индустриялаштыруу, коллективдештирүү ж-а маданий рев-я Бюронун жетекчилиги м-н аткарылган. 1936-жылдан О. Азия ж-а Казакстанда өзалдынча Коммунисттик партиялары ж-а алардын борб. к-ттери иштей баштагына байланыштуу О. А. б-нун зарылдыгы болбой калган. 1939-ж. Бюро ВКП(б) БКнын чечими б-ча жоюлган. К. Дүйшөналиев.