ВЛАДИВОСТОК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВЛАДИВОСТО́К – Россиядагы шаар. Приморье крайынын адм. борбору. Калкы 586,8 миң (2005). Ы. Чыгыштын ил., маданий, экон. ири борбору. Шаардын негизги бөлүгү Муравьёв-Амур ж. а-нын түш. учунда жайгашып, Алтын Мүйүз бухтасы чулгайт. Ири жолдор тоому. Транссибирь магистралынын акыркы пункту. Деңиз порту (жылына 6,5 млн т жүк ташылат). В. – Хабаровск автомагистралы, эларалык аэропорту бар. Шаардык фуникулёр (аркан м-н тартылуучу рельс жолу) 1962-жылдан иштейт. 1860-ж. негизделген; 1875-жылдан шаар. 1888–1920-ж. Приморье обл-нун борбору. 1922-ж. 25-октябрда Совет өкмөтү орногон. 1922–26-ж. Приморье губерниясынын, 1926–38-ж. Ы. Чыгыш, 1938- жылдан Приморье крайынын борбору. Шаар амфитеатр сымал жайгашып, көчөлөрү тепкичтенип салынган. Бүркүт Уя (Орлиное Гнездо) дөбөсүндө телемунара, анын этегинде телеборбор ж-а Радио үйү орношкон. Алтын Мүйүз бухтасын жээктей шаардын тарыхый очогу жайгашкан. Арх-ра эстеликтеринен – В. чеби, темиржол


вокзалы, Чыгыш ин-ту (азыр тех. ун-т), «Версаль» мейманканасы, Ыйык Павел лютеран чиркөөсү, Сибирь флотилиясынын имараты ж. б. эстеликтер бар. Уссури булуңунун жээгинде, Емар бухтасында Бүткүл Россиялык балдар борбору – «Океан» уюшулган (1983). Россия ИАнын Ы. Чыгыш бөлүмү, 15 ЖОЖ (а. и. Ы. Чыгыш деңиз, мед. ун-ттери ж. б.), 38 китепкана (а. и. А. П. Чехов атн. борб.), музейлер (Сухановдордун үй-музейи, Тынч океан флотунун аскер-тарыхы, деңиз музей-океанариум ж. б.), гал-лар, театрлар, филармония, Тынч океан симфониялык оркестри, цирк иштейт. Жыл сайын «Приморье жылдыздары» эларалык спорттук бал бийи, региондук театр, Бүткүл Россиялык «Ыраакы Чыгыш жазы» классикалык музыка фестивалдары өткөрүлүп ту рат.
Кеме куруу ж-а ремонттоо (ишканалары: «Владивосток кеме ремонттоо заводу», «Чыгыш Верфь»), балык («Дальрыба» – тоңдурулган балык продукциясы, «Дальморепродукт Троулерс»), жеңил («Заря» – кийим-кечек ж. б.), аскер-деңиз ж-а гражд. флоттор үчүн радиоэлектроника техникасы («Радиоприбор») өндүрүшү ишт ейт.
Ад.: Владивосток сегодня и завтра. Владивосток, 2000.