ВЛАДИКАВКАЗ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВЛАДИКАВКА́З (осетинче Дзаужикау; ингушча – Буру; 1931–44, 1954–90-ж. Оржоникидзе, 1944–54-ж. Дзаужикау) – Түн. Осетиянын борбор шаары. Калкы 314,5 миң (2005). Түн. Кавказдын ил., маданий ж-а экон. ири борбору. Түн. Осетин түздүгүндө, Терек д-нын боюнда жайгашкан. Темиржол бекети. Жолдор тоому. В. – Аскер-Грузин, Аскер-Осетин жолдорунун ж-а Транскавказ автомобиль магистралынын баштапкы пункту. Аэропорту бар. 1784-ж. орус чеби катары негизделген. 1860-жылдан шаар. 1921– 24-ж. Горский АССРинин, Түн. Осетин (1924– 36) ж-а Ингуш АОсунун, 1936-жылдан Түн. Осетин АССРинин борбору болгон.

Чиркөөлөр, сүннөт мечити (1906–08), 20-кылымдын курулуштары (учурда Өкмөт үйү), универмаг, телеборбор, стадион, мейманканалар (1960), металлургдар үйү (1966), эстеликтер (К. Л. Хетагуровго, И. А. Плиев-
ге, В. И. Абаевге), элдердин достугу монументи бар. Төрт ЖОЖ (а. и. Түн.-Осетин ун-ти ж-а мед. академия ж. б.), ил.-из. ин-ттары, китепкана, мамл. тарых, арх-ра, ад-т бириккен музейи, Хетагуровдун үй-музейи, театрлар бар. Түстүү металлургия, машина куруу, электр-тех., жеңил ж-а тамак-аш өнөржай ишканалары ишт ейт.
Ад.: Яндиев А. Д. Владикавказ: Неизвестные страницы истории города. Магас, 2004.