ВЛАДИМИР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВЛАДИ́МИР – Россиядагы шаар, Владимир облнун адм. борбору. Калкы 310,5 миң (2005). Россиядагы туризмдин ири борбору («Россиянын алтын айлампасы» маршрутунун негизги пунктарынын бири), облустун башкы өнөржай борбору. Чыгыш Европа түздүгүнүн борб. бөлүгүндө, Клязьма д-нын боюнда, Москвадан 190 км түн.- чыгышта жайгашкан. Темиржол бекети. Жолдор тоому. Шаар 1108-ж. ченде чеп катары князь В. В. Мономах тарабынан негизделген. 1299– 1328-ж. орус митрополиттеринин резиденциясы. 12-кылымдан 14-кылымдын башына чейин Владимир улуу княздыгынын, 18-кылымдын аягынан В. губерниясынын борбору. Совет өкмөтү 1917-ж. 25-октябрда (7-ноябрда) орногон. В. арх-ралык эстеликтерге ж-а Владимир-Суздаль мектебинин живопистерине бай: Успенье (1158–60, 1185–89-ж. кайрадан курулган), «Алтын Дарбаза» (1158– 64), Дмитрий соборлору, чикөөлөр ж. б. сакталган. 12-кылымдын 2-жарымында Владимир-Суздаль

арх-ра мектеби калыптанган учурда таштан ири курулуштар курулган. Ак таштан курулган архра эстеликтери Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Эстеликтер тургузулган. Ун-ттер, китепканалар (а. и. атайын азиздер үчүн), Владимир-Суздаль тарахый-архит. ж-а көркөм музей-коругу (1854), Столитовдордун үй-музейи, сүрөт гал., драма театр (2003-жылдан театр комплекси), куурчак театры (1969), филармония, Владимир-Суздаль Русунун хор музыкасынын борбору (1992), концерт залдары, планетарий, эстеликтер ж. б. арбын. Машина куруу (трактор ж-а электр моторлор з-ддору, «Точмаш»), автомобиль («Электр прибор» з-ду), хим. (хим., пленка материалдар), тамак-аш, тигүү ж-а трикотаж буюмдар ишканалары иштейт. В-ге жакын Боголюбов кыш. князь А. Ю. Боголюбовдун резиденциясы бол гон.
Ад.: Дуброва А. В. Старый Владимир. Владимир, 1998.