ВЛАДИМИР МОНОМАХ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВЛАДИ́МИР МОНОМА́Х (1053– 19.5.1125, Киевге жакын) – Киевдин улуу князы (1113–25), мамл. ишмер, колбашчы ж-а жазуучу. Байыркы кыпчактарга (половецтерге) каршы орус княздарын баш коштурууга аракеттенген. 1103– 1107, 1111-жылдарда кыпчактарга каршы жортуулдун башында турган. 1113-ж. Киев князы наамын алып, эл көтөрүлүшүн баскан. Бирок мыйзам чыгаруу жолу м-н калктын төмөнкү катмарынын абалын жеңилдетүүгө аргасыз болгон. «Насаат» («Поучение») аттуу эмгегинде феодалдар м-н дыйкандарды таттуулашууга чакырган. В. М. княздык кылган жылдарда Киев Русу күчтөнгөн. Ал Байыркы Русь мамлекетинин 3/ бөлүгүн бириктирген.