ВОЗНЕСЕНСКИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВОЗНЕСЕ́НСКИЙ Андрей Андреевич (12.5.1933- ж. т., Москва) – орус акыны. Москвадагы ар­хитектура ин-тун бүтүргөн (1957). Чыг-лыгы 1958-жылдан башталган. «Чеберлер» поэмасын­да (1959) жаңы ыкманы жаңы стилди жогорку чеберчиликте колдонуу м-н көркөм өнөргө кы­зыгуусу арткан. Акындын АКШга болгон иш сапарынан кийин жазылган «Үч бурчтуу алму­рут» поэмасынан «40 лирикалык чегинүү» жый­нагында (1962) сүрөткердин гражд. позициясы «заманга ылайык» сынга туш болгон. «Лон­жюмо» (1963), «Оза» (1964) поэмаларында адам­дардын жеке жашоо-турмушу тууралуу ой­жүгүртүүсү чагылдырылган. О. эле «Каршы дүй­нө» (1964), «Витраж жасоонун чебери» (1976), «Азгырык» (1978) аттуу поэмалардын ж-а ыр жыйнактардын автору. В. СССР мамл. сыйл. лауреаты (1978).