ВОЛГА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВО́ЛГА , Э д и л (байыркы аты – Ра, о. кылымда – Итил) – Европадагы эң ири дарыя. Россиянын европ. бөлүгүндө. Уз. 3530 км, алабынын

аянты 1360 миң км2. Валдай дөңсөөсүнөн башталып, Казан ш-на чейин кеңдик, андан кийин меридиан багыттарында агат. Каспий деңизине куярда чоң дельтаны пайда кылат (19 миң км2). В-нын 200дөй куймасы бар; ирилери: Ока, Сура, Свияга (оң), Молога, Ветлуга, Бейшлот, ортоңку ж-а төмөнкү агымында Кама, Самара, Чоң Ыргыз (сол). В. жогорку бөлүгүндө Жогорку Волга көлдөрү аркылуу агып, агымы суусактагычтуу ГЭС каскаддары м-н жөнгө салынат. Ири ГЭСтери: Чебоксары, Волга (Куйбышев суусактагычы), Волга (Волгоград суусактагычы) ж. б. Волгоград ш. тушта суунун орт. чыгымы 724 м3/сек, чатында 7710 м3/сек. Ноябрдын аягы – декабрдын башынан апрелге чейин, төмөнкү агымында марттын ортосуна чейин тоңот. В. Волга-Балтика суу жолу аркылуу Балтика деңизи, Түн. Двина суу системасы ж-а Ак деңиз – Балтика каналы аркылуу Ак деңиз, Волга-Дон кеме жүрүүчү каналы аркылуу Азов ж-а Кара деңиздер, Москва атн. канал аркылуу Москва д. м-н туташат. Суусу калкты суу м-н камсыз кылууга ж-а сугатка пайдаланылат. Балыктын 70тей түрү (анын 40 промыселдик) бар. Ржев ш-нан баштап кеме жүрөт (3256 км). Негизги өнөржай борборлору ж-а порттору: Тверь, Ярославль, Нижний Новгород, Казан, Ульяновск, Самара, Саратов, Волгоград, Астрахань. В-нын алабында – Волга-Кама, Жигули, Астрахань коруктары, Самара Лукасы улуттук паркы бар. Антропогендик таасирден дарыя алабында экол. кескин терс кырдаал түзүл гөн.
Ад.: Львович М. И. Реки СССР. М., 1971; Воды России. Екатеринбург, 2000; Природно-ресурсные, экологические и социально-экономические проблемы окружающей среды в крупных речных бассейнах. М., 2005.