ВОЛКОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВО́ЛКОВ Геннадий Никандрович (31.10.1927-ж. т., Чуваш АССРи) — педагог, этнопедагогика илиминин негиз салуучусу. Педагогика илимд. доктору (1967), проф. (1968), СССР пед. ИАнын (1989), Россия ИАнын, Социалдык ж-а педаго-


гика ИАнын академиги. Чуваш пед. ин-тунун физика-математика ф-тин бүтүргөн (1949). «Эт­нопедагогика» (1974, 2000) аттуу ил. эмгеги – болочок мугалимдер үчүн жазылган негизги эм­гектеринин бири. Анда окутуу-тарбиялоонун улуттук, аймактык ж-а маданий-этникалык бөтөнчөлүгүн, элдик педагогиканын улуттук ж-а жалпы адамзаттык маңызын, анын калып­тануу жолун, өбөлгөлөрүн, методикалык ыкма­ларын, каражаттарын, учурдагы абалын, окуу­тарбия ишин этнопед. негизде өркүндөтүү масе­лелерин чагылдырган. «Письма о “Манасе”», «Со­звездия земли» (1979), «Педагогика жизни» (1989) ж. б. эмгектеринде ж-а бир катар мака­лаларында кыргыз элинин эпикалык чыгарма­ларындагы пед. ойлорду изилдеген. «Манас» эпо­сундагы пед. идеяларды даңазалаган.