ВОЛЬТА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВО́ЛЬТА (Volta) Алессандро (18.2.1745, Комо – 5. 3. 1827, ошол эле жерде) – итал. физик ж-а физиолог, электр ж-дөгү илимди негиздөөчүлөрдүн бири. Лондон королдук коомуна мүчө (1791). Комо ш-ндагы гимназияда физика мугалими (1774–79), Павия ун-тинде проф. (1779), Падуян ун-тинин филос. ф-тинде директор (1815–19). В-нын негизги эмгектери электр тогунун жандуу организмге тийгизген таасирине, ар түрдүү металлдарды бири бирине беттештиргенде пайда болуучу контакттуу электр тогуна (1795) арналган. О. эле электрофор (1775), сезгич электроскоп (1781), конденсатор (1783), электрометр ж. б. физ. приборлорду ойлоп тапкан. Абанын жылуулук кеңейүүсүн ж-а диффузия кубулушун изилдеген (1790), от жалынынын электр өткөрүмдүүлүгүн аныктаган (1787). Электр чыңалуусунун бирдиги В-нын ысмынан вольт деп атал ган.
Ад.: Околотин В. С. Вольта. М., 1986.