ВОЛЬФРАМ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВОЛЬФРА́М (Wolframium), W – элементтер­дин мезгилдик системасынын VI тобунан орун алган хим. элемент; ат. н. 74, ат. м. 183, 85. Табиятта сейрек таралган, жер кыртышынын 1·10–7%ин түзөт. Эркин абалда кездешпейт,
көбүнчө В. к-тасынын Н2 WО4 туздары түрүндө жолугат. Ал кыйындык м-н э рий турган боз түстөгү металл, тыгызд. 19,3 г/см3, эрүү t 3410±20°С. Табигый В. 5 туруктуу изотопторунун (масса­лык сандары 180, 182, 183, 184 ж-а 186) ара­лашмасынан турат. 1781-ж. швед окумуштуусу Шееле В. ангидриди WО3 түрүндө бөлүп алган. 1783-ж. металл түрүндө WО3төн көмүртек м-н калыбына келтирүүдөн алынган. В. кадимки шартта туз, күкүрт, азот ж-а плавик к-талары­на, «падыша арагына» туруктуу; азот ж-а пла­вик к-тасынын аралашмасында жегичтердин эритмесинде ысытканда эрийт. Бирикмелерин­де 2–6 валенттүү. Кадимки шартта хим. жак­тан туруктуу, кычкылтек м-н 400–500°Сде WО3тү пайда кылат, ал эми суутек м-н жогорку темп­рада да кошулбайт. Азот м-н 1500°Сде реакция­га кирет, көмүртек м-н карбидди пайда кылат. Кремний ж-а бор м-н силициддерди ж-а борид­дерди, галогендер м-н жогорку темп-рада ко­шулуп галогениддерди, күкүрт м-н сульфиддер­ди (WS2, WS3) пайда кылат. В. ж-а анын би­рикмелери вольфрамит ж-а шеелит минералда­рынын концентратынан бөлүнүп алынат. В. ме­таллургияда сапаттуу болот ж-а куйма (побе-


дит, стеллит) алууда, электр-тех. өнөр жайында (кызытма лампа жибин чыгаруу) колдонулат. В. кычкылтек м-н оксиддерди (WО2, WО3) пай­да кылат. В-дын кош оксиди (WО2) – күрөң түстөгү күкүм же кристалл. НNO3түн таасири­нен абада ысытканда WО3кө чейин окистенет. WО3 – кызыл-саргыч күкүм, ага жегичтерди, Nа2СО3 ж-а NН3тү таасир эткенде вольфрамат­тар пайда болот. Алар металл түрүндөгү В-ды ж-а анын карбиддерин алууда – сырьё, чопо, айнек буюмдарын боёодо ж-а катализатор ка­тары колдонулат. В. к-талары WО3төн алы нат.
Анын туздары вольфраматтар Nа24 деп ата­лат. Алар сууга ж-а отко чыдамдуу кездеме, булгаары ж-а пигмент даярдоодо, рентгеногра­фияда ж. б. колдонулат.