ВОЛЬТМЕТР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВОЛЬТМЕ́ТР – электр тизмегиндеги чыңалууну ж-а электр кыймылдаткыч күчүн өлчөөчү при­бор. Ал электр тизмегине же электр энергиясы­нын булагына жарыш туташтырылат. В. электр­магниттик, магнит-электрдик, электр-дина­микалык болуп бөлүнөт.

Вольтметрди туташтыруу схемасы: а – керектөөчүгө жарыш туташтыруу; б – өлчөөчү трансформатор ар­кылуу туташтыруу; V – вольтметр; 1 – керектөөчү; 2 – трансформатор.


Электр-магниттик В. электр станциясында ж-а өнөржай ишкана­ларында турактуу прибор катары колдонулат. Магнит-электрдик В. абдан сезгич ж-а так ке­лип, турактуу ток тизмектеринде гана пайда­ланылат. Түзөткүч, төмөнкү жыштыктагы, тер­моэлектр ж-а электрон В-лер жогорку жыштык­тагы чыңалууларды өлчөйт. Төмөнкү чыңалуу­ну өлчөөдө В. м-н өлчөгүч күчөткүч айкалыш туташтырылат. Ал эми жогорку чыңалууну өлчөө үчүн В-ге кошумча каршылыкты же чы­ңалууну ченегич трансформатор кошулат. Жо­горку ж-а өтө жогорку жыштыктагы өзгөрмө токту өлчөө үчүн электр өлчөөчү механизмден мурда өзгөрмө токту өлчөө үчүн токту турактуу токко айландыргыч туташтырылат. Санарип­тик В. кеңири пайдаланылууда.