ВОЛЮНТАРИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВОЛЮНТАРИ́ЗМ (лат. voluntas – эрк) терми­нин 1883-ж. Ф. Тённис киргизген. 1) ф и л о­с о ф и я д а: дүйнөнүн түпкү жашоо себеби адам эркинде деп жарыялаган теор. көзкараш; 2) с а я с а т т а: коомдук процесстердин кыймылдаткыч күчү эркин эрк стихиясында экенин ырастаган агым; 3) п с и х о л о г и я­д а: эркти психикалык турмуштун булагы, се- зимдик аракеттердин негизи, ал эми аңсезимди эрктин туундусу катары караган окуу. Шо­пенгауэрдин окуусунда, П. Лавровдун, И. Ми­хайловскийдин социологиясында «баатырлар» эрки көпчүлүктү артынан ээрчитүүчү күчкө ээ эке­ни жарыяланган. В. универсалдуу көрүнүш, ал саясий, экон., чарбалык, коомдук, аскердик, ил. ж. б. бардык чөйрөлөрдө учурайт. Cаясатта В. ав­торитаризмге, тоталитаризмге же анархизмге алып келет. Көп учурда башкаруучунун эрки көпчүлүк үчүн мыйзам болуп калат. Волюнта­ристтик көзкараштар кайра куруу саясатын тездетүүдө чоң роль ойногон. Башкарууну бю­рократташтыруу, ашкере борбордошкон бийлик, плюрализмдин жоктугу В. үчүн жагымдуу шарт түзөт.