ВОТУМ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВО́ТУМ (лат. votum – каалоо, эрк) – шайлоо корпусунун же өкүлчүлүк мекемесинин көпчүлүк добуш м-н билдирген пикири же кабыл алган токтому. П а р л а м е н т т и к практикада – адатта төмөнкү палата тарабынан саясий ба­гытты, белгилүү бир акцияны, мыйзам долбоо­рун, өкмөттүн же айрым министрдин ишмерди­гин жактыруу, ага ишеним көрсөтүү дегенди бил­дирет. Ишеним ж-дөгү маселени коюу демилге­си өкмөттүн өзүнө, парламенттин иш-милдет­терине же депутаттык топко тиешелүү болсо, ал бир жактуу В. болуп саналат. Көп жактуу В. – айрым бир өлкөлөрдө өкүм сүргөн тартип, буга ылайык кээ бир категориядагы шайлоочу­лар шайлоо учурунда эки же андан көп добуш­ка ээ болот. Кыйыр (эвентуалдык) В. – шайлоо­нун пропорциялык системасынын талабына ылайык кайсы бир талапкер үчүн берилген ж-а шайлоо квотасынан ашып кеткен добуштар, о. эле парт. тизмедеги башка бир талапкерге жа­зылып коюлат. Милдеттүү В. – айрым өлкөлөрдө бийлик органдарын шайлаган учурда толук укуктуу шайлоочуларды үстөк төлөтүү корку­нучу м-н шайлоого катышууга ж-а добуш берүү­гө юрид. милдеттендирүү. М. Керимбаев.