ВРАЧТЫК ЭМГЕК ЭКСПЕРТ КОМИССИЯСЫ (ВЭЭК): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВРАЧТЫК ЭМГЕК ЭКСПЕ́РТ КОМИССИЯСЫ (ВЭЭК) – анат. кемтиктерден ж-а оорунун кесепетинен ишке жарамдуулукту убактылуу же узакка жоготууну, майыптыктын топторун, анын себептерин аныктоочу врачтык комис сия.
Бул Кыргыз Респ-сында 1939-ж. уюшулган. ВЭЭК райондук, район аралык, шаардык, обл., респ. болуп, мед. мекемелердин базасында Эмгек ж-а социалдык жактан коргоо министрлигинин мед.-социалдык экспертиза башкы башкармасы уюштурат. ВЭЭК негизги адистиктеги (терапевт, хирург, неврапатолог ж. б.) врачэксперттерден турат; комиссиянын карамагына, о. эле профсоюз уюмдарынын ж-а социалдык камсыздандыруу органынын өкүлдөрү да кирет. ВЭЭК эмгекке таптакыр же узакка жарамсыздыгын аныктап, эмгекке жарамдуулукту толук же жарым жартылай калыбына келтирүү үчүн керектүү иш-чараларды белгилейт. ВЭЭКтин чыгарган жыйынтыгынын негизинде жумушчулар ж-а кызматкерлер кесиптик жумуштарынан бошотулат, аларга мамл. мыйзам б-ча пенсия дайындалат.