ВЫГЛАЗОВ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВЫГЛА́ЗОВ Григорий Исаевич (1919, Батыш Сибирь крайы, Сузун р-ну, Шайдаров кыш. – 16.5.1942, Темиров ш.) – Сов. Союз. Баатыры (1943). Сов. Армиянын катарына Ош обл-нун Гүлчө р-ндук аскер комиссариаты тарабынан чакырылган.


Улуу Ата Мекендик согушта Түн. Кавказ фронт штабынын чалгындоо бөлүмүнүн парашют батальонунда бөлүмдүн командири. Керчь ж. а-ндагы салгылаштарга катышкан. Керчь ж. а-ндагы Темиров ш-нын аймагындагы салгылашта душмандын 3 танкасын экипажы м-н талкалап, 20 фашистти жок кылып, сов. аскерлерге чабуулун улантууга шарт түзгөн. Ефрейтор В. ошол чабуулда курман болгон. Ленин ордени м-н сыйланган.