ВЫСОЦКИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВЫСО́ЦКИЙ Владимир Cемёнович (25.1.1938‚ Москва – 29.7.1980‚ ошол эле жер) – акын‚ ырчы‚ актёр. 1956-ж. Москва көркөм театрынын алдындагы мектеп-студияга кабыл алынып‚ 1960-ж. ушул театр ин-тун бүтүргөндөн кийин А. C. Пушкин атн. драма театрында иштейт.

Ал гач «Дима Гориндин мансабы» фильмине‚ кийин Алматыда «Айып» фильмине тартылган. 1964-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Москва драма ж-а комедия театрынын Таганкадагы труппасында эмгектенген. Аткарган ролдору: Хлопуша (C. Есенин б-ча‚ «Пугачёв»)‚ Гамлет (У. Шекспир‚ «Гамлет»)‚ Лопахин (А. Чехов‚ «Алчалуу бак») ж. б.‚ «Вертикаль» (1966)‚ «Көз ирмемдик кездешүүлөр» (1968)‚ «Жолугушуу ордун өзгөртүүгө болбойт» (1978) ж. б.; көптөгөн фильмдерде ойногон. В-дин ырлары м-н балладаларында‚ аткарган ролдорунда коомдогу адилетсиздикке каршы күрөш‚ эркиндикке умтулган. CCCР мамл. сыйл. лауреаты (1987).