ВЬЕТНАМДАР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol2_>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВЬЕТНАМДАР (өздөрүн кинь, вьет деп ата­шат) – эл, Вьетнамдын негизги калкы.

Таиланд, Лаос, Камбожа, АКШ, Франция, Кытай, Кана­да ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 62,15 млн адам, а. и. Вьетнамда 61 млн (1992). Вьетнам тилинде сүйлөшөт. Буддисттер, като­ликтер, протестанттар ж-а жерг. секталардын жолун туткандар да бар. Б. з. ч. 1-миң жыл­дыктын ортосунда эле Хонгха ж-а Сицзян д-нын боюнда вьет уруулары жашашкан (булардын арасында көп сандаган лаквьеттер тобу бол­гон). В-дын ата-баба­лары б. з. ч. 4–3-кылымда В. ванланг уруулар со­ю зу ну н неги зи н түзүшкөн, бирок алар­ды б. з. ч. 267-ж. тэйау уруулары талкалаган. Түн. Вьетнамдын айма­гында алардын Аулак мамлекети пайда болгон. Ушул мезгилде тэйау урууларынын лаквьеттер м-н ассимиляцияла­нышы В-дын калыптанышына алып келген. Б. з. ч. 207-ж. Аулак мамлекети лаквьеттердин б. з. ч. 111-ж. кытайлар басып алган Намвьет мамлекетинин курамына кошулган. Б. з. 10-кылымда кытай баскынчыларына каршы боштондук күрөштүн натыйжасында вьеттердин борборлош­кон, көзкаранды эмес Дайвьет мамлекети пай­да болгон. 17–19-кылымда улуттук консолидация процесси жүрүп, 1804-ж. өлкө Вьетнам деп атал­ган. Узак тарыхый өнүгүүдөн кийин 20-кылымдын башында В. улут болуп түзүлгөн. В-дын негиз­ги кесиби – дыйканчылык (шалынын 200 сор­тун, жүгөрү, күнжүт, чай ж. б. өстүрүшөт), мал чарбачылык ж-а балыкчылык. В. кыштакта­рында негизинен дубалы сокмо м-н саман ара­лаш топурактан, бамбуктан тургузулуп, чаты­ры пальма жалбырагы же күрүчтүн саманы м-н жабылган үйлөрдө жашашат. Улуттук кийим­дери – кездемеден (пахтадан согулган) тигилген кемсел, кара түстөгү шым, пальма жалбырагы­нан өрүлгөн калпак, майрам күндөрү ачык түстүү жибектен тигилген халат-көйнөк (аозай) кийи­шет. Айыл жерлеринде жылаңаяк, кээде өрүлгөн сандалчан жүрүшөт. Тамак-ашы негизинен күрүч, жашылча, балык азыкт ары, эт ти майрам күндөрү гана жешет. Негизги суусундугу – чай. В-да тишти кара боёк м-н боёп, бетел чайнаган салты болгон. Маанилүү майрамы – Тэт (жаңы жыл), тет-чунг тху (күз майр­амы). Майрамдар­да селкинчек тээп көңүл ачышат, короз согуш­туруу, кайык жарыштыруу ж. б. оюндары бар. Азыркы мезгилде В. өнөржай ж-а транспорт тар­мактарында иштешип, европа үлгүсүндөгү кий­имдерди кийишет. Ш. Керимова.