ВЭЛФЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol2_>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
|
08:15, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВЭ' ЛФЕР (англ. welfer – жыргалчылык) – социалдык жардам көрсөтүүнүн амер. системасына кирүүчү социалдык пособиенин аталышы. Ал бюджет каражаттарынан акча трансферттери‚ о. эле натуралай пособие түрүндө төлөнөт. Акча пособиелерине жакырчылык б-ча‚ үйбүлөлүк ж-а балдар пособиелери‚ а. и. көп бүлөлүүлөргө пособие‚ баа субсидиялары ж. б. кирет. Натуралай пособиелер азык-түлүк жагынан жардамдан тышкары билим берүүдө‚ саламаттык сактоодо‚ оорулууларга ж-а улгайгандарга акысыз кызмат көрсөтүүнү камтыйт. В-ди дайындоо кирешелердин ж-а мүлктүн өлчөмдөрүн текшерүүнү болжолдойт. Пособие бардык иштеп тапкан кирешеси же/ж-а мүлкү тиричилик минумуму м-н аныкталуучу жакырчылык чеги деп аталган белгилүү деңгээлден бир аз гана жогору же ага барабар адамдарга берилет. Тиричилик минимуму «керектөө себетине» кирген бардык жыргалчылыктын наркы м-н белгиленет. В. алуучулардын кирешесинин өсүшү анын өлчөмүнүн азайышына негиз болот‚ ал эми кирешелердин белгилүү бир деңгээлине жеткенде төлөө токтотулат.