ГЕМАТОМА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕМАТО́МА ''' (''гемато...'' ж-а ...''ома'') – кырсыктан же оорунун кесепетинен кан тамыр жабыркаганда ткандарда кандын чогулушу. Мында кан толгон көӊдөй пайда болот. Гематома бир нерсеге урунган жерде кан тамыр жарылганда же кандын уюшу бузулганда келип чыгат. Ошондой | '''ГЕМАТО́МА ''' (''гемато...'' ж-а ...''ома'') – кырсыктан же оорунун кесепетинен кан тамыр жабыркаганда ткандарда кандын чогулушу. Мында кан толгон көӊдөй пайда болот. Гематома бир нерсеге урунган жерде кан тамыр жарылганда же кандын уюшу бузулганда келип чыгат. Ошондой эле кан тамырдын патологиялык өзгөрүүсү (мисалы, ''атеросклероздо'') да түрткү берет. Ал тери алдында, сөөк үстүндө, булчуӊда, былжыр челде, ички органда ж. б. кездешет. Анча чоӊ эмес гематома жумшак ткандар бир нерсеге урунгандан болот, урунган жер ооруп, шишимик тартып көгөрөт. Ага муздак басып, катуу таӊып коюу ж. б. жардам көрсөтүлгөндө жок болуп кетет. Чоӊ гематомада, мисалы, мээ, боор, көк боордун ж. б. органдардын гематомасында жабыркаган адамды токтоосуз ооруканага жеткирүү керек. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] |
03:17, 23 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕМАТО́МА (гемато... ж-а ...ома) – кырсыктан же оорунун кесепетинен кан тамыр жабыркаганда ткандарда кандын чогулушу. Мында кан толгон көӊдөй пайда болот. Гематома бир нерсеге урунган жерде кан тамыр жарылганда же кандын уюшу бузулганда келип чыгат. Ошондой эле кан тамырдын патологиялык өзгөрүүсү (мисалы, атеросклероздо) да түрткү берет. Ал тери алдында, сөөк үстүндө, булчуӊда, былжыр челде, ички органда ж. б. кездешет. Анча чоӊ эмес гематома жумшак ткандар бир нерсеге урунгандан болот, урунган жер ооруп, шишимик тартып көгөрөт. Ага муздак басып, катуу таӊып коюу ж. б. жардам көрсөтүлгөндө жок болуп кетет. Чоӊ гематомада, мисалы, мээ, боор, көк боордун ж. б. органдардын гематомасында жабыркаган адамды токтоосуз ооруканага жеткирүү керек.