ВИНОГРАДНЫЙ (Чүй районундагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

10:38, 28 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИНОГРА́ДНЫЙ – Чүй облусунун Чүй районундагы кыштак. Сайлык айыл өкмөтүнө караштуу. Чүй дарыясынын боюнда жайгашкан. Райондун борбору Чүй кыштагынан ж-а Токмок темир жол бекетинен 5 км аралыкта. 1942-жылы негизделген. Деңиз деңгээлинен 800 м бийиктикте. Калкы 1054 (2005); негизи­нен жүзүмчүлүктө, дыйканчылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, ФАП, китепкана бар.