ВИНОГРАДОВ Виктор Владимирович: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИНОГРА́ДОВ | '''ВИНОГРА́ДОВ Виктор Владимирович''' [31.12. 1894 (12.1.1895), Зарайск – 4. 10.1969, Москва] – тилчи, адабиятчы, СССР ИАнын академиги (1946). Петроград тарых-филология институтун ж-а археология институтун бүтүргөн (1917). Ленинград (1920–29) ж-а Москва (1930–62) университеттеринин профессору, Москва университетинин орус тил кафедрасы­нын башчысы (1945–69), | ||
[[File:ВИНОГРАДОВ 220.png | thumb | none]] | [[File:ВИНОГРАДОВ 220.png | thumb | none]] | ||
СССР ИАнын | СССР ИАнын тил илими институтунун (1950–54), СССР ИАнын орус тил институтунун (1958–68) директору, СССР ИАнын тил ж-а адабият бөлүмүнүн академик-секре­тары (1950–63), «Boпросы языкознания» журналы­нын редактору (1953–69). Виноградов орус адабий тилинин грам­матикалык түзүлүшүн, тарыхый стилистикасын, фразеологиясын, лексикология­сын терең изилдеп, жалпы тил илиминин масе­лелери боюнча да илимий эмгектерин жазган. Ал «17– 19-кылымдардагы орус адабий тилинин тары­хы боюнча очерктер» (1934), «Орус тили. Сөз тууралуу грамматикалык илим» (1947), «Пуш­кин жана орус адабий тилинин тарыхы» (1935), «Пушкиндин стили» (1941), «Көркөм проза туу­ралуу» (1930), «Көркөм адабияттын тили жөнүндө» (1959), «Стилистика. Поэтикалык сөздүн теориясы. Поэтика» (1963) аттуу белгилүү эмгектердин автору. Ленин ордени ж-а медал­дар м-н сыйланган. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
03:23, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИНОГРА́ДОВ Виктор Владимирович [31.12. 1894 (12.1.1895), Зарайск – 4. 10.1969, Москва] – тилчи, адабиятчы, СССР ИАнын академиги (1946). Петроград тарых-филология институтун ж-а археология институтун бүтүргөн (1917). Ленинград (1920–29) ж-а Москва (1930–62) университеттеринин профессору, Москва университетинин орус тил кафедрасынын башчысы (1945–69),

СССР ИАнын тил илими институтунун (1950–54), СССР ИАнын орус тил институтунун (1958–68) директору, СССР ИАнын тил ж-а адабият бөлүмүнүн академик-секретары (1950–63), «Boпросы языкознания» журналынын редактору (1953–69). Виноградов орус адабий тилинин грамматикалык түзүлүшүн, тарыхый стилистикасын, фразеологиясын, лексикологиясын терең изилдеп, жалпы тил илиминин маселелери боюнча да илимий эмгектерин жазган. Ал «17– 19-кылымдардагы орус адабий тилинин тарыхы боюнча очерктер» (1934), «Орус тили. Сөз тууралуу грамматикалык илим» (1947), «Пушкин жана орус адабий тилинин тарыхы» (1935), «Пушкиндин стили» (1941), «Көркөм проза тууралуу» (1930), «Көркөм адабияттын тили жөнүндө» (1959), «Стилистика. Поэтикалык сөздүн теориясы. Поэтика» (1963) аттуу белгилүү эмгектердин автору. Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.