ВИНОГРАДОВ Виктор Владимирович: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

03:23, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИНОГРА́ДОВ Виктор Владимирович [31.12. 1894 (12.1.1895), Зарайск – 4. 10.1969, Москва] – тилчи, адабиятчы, СССР ИАнын академиги (1946). Петроград тарых-филология институтун ж-а археология институтун бүтүргөн (1917). Ленинград (1920–29) ж-а Москва (1930–62) университеттеринин профессору, Москва университетинин орус тил кафедрасы­нын башчысы (1945–69),

СССР ИАнын тил илими институтунун (1950–54), СССР ИАнын орус тил институтунун (1958–68) директору, СССР ИАнын тил ж-а адабият бөлүмүнүн академик-секре­тары (1950–63), «Boпросы языкознания» журналы­нын редактору (1953–69). Виноградов орус адабий тилинин грам­матикалык түзүлүшүн, тарыхый стилистикасын, фразеологиясын, лексикология­сын терең изилдеп, жалпы тил илиминин масе­лелери боюнча да илимий эмгектерин жазган. Ал «17– 19-кылымдардагы орус адабий тилинин тары­хы боюнча очерктер» (1934), «Орус тили. Сөз тууралуу грамматикалык илим» (1947), «Пуш­кин жана орус адабий тилинин тарыхы» (1935), «Пушкиндин стили» (1941), «Көркөм проза туу­ралуу» (1930), «Көркөм адабияттын тили жөнүндө» (1959), «Стилистика. Поэтикалык сөздүн теориясы. Поэтика» (1963) аттуу белгилүү эмгектердин автору. Ленин ордени ж-а медал­дар м-н сыйланган.