ВИНОГРАДОВ Виктор Владимирович: нускалардын айырмасы
м (Temirkan moved page ВИНОГРАДОВ 2 to ВИНОГРАДОВ Виктор Владимирович) |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИНОГРА́ДОВ Виктор Владимирович''' [31.12. 1894 (12.1.1895), Зарайск – 4. 10.1969, Москва] – тилчи, адабиятчы, СССР | '''ВИНОГРА́ДОВ Виктор Владимирович''' [31.12. 1894 (12.1.1895), Зарайск – 4. 10.1969, Москва] – тилчи, адабиятчы, СССР Илимдер академиясынын академиги (1946). Петроград тарых-филология институтун жана археология институтун бүтүргөн (1917). Ленинград (1920–1929) жана Москва (1930–1962) университеттеринин профессору, Москва университетинин орус тил кафедрасы­нын башчысы (1945–1969), | ||
[[File:ВИНОГРАДОВ 220.png | thumb | none]] | [[File:ВИНОГРАДОВ 220.png | thumb | none|246x246px]] | ||
СССР | СССР Илимдер академиясынын тил илими институтунун (1950–1954), СССР Илимдер академиясынын орус тил институтунун (1958–1968) директору, СССР Илимдер академиясынын тил жана адабият бөлүмүнүн академик-секре­тары (1950–1963), «Boпросы языкознания» журналы­нын редактору (1953–1969). Виноградов орус адабий тилинин грам­матикалык түзүлүшүн, тарыхый стилистикасын, фразеологиясын, лексикология­сын терең изилдеп, жалпы тил илиминин масе­лелери боюнча да илимий эмгектерин жазган. Ал «XVII– XIX кылымдардагы орус адабий тилинин тары­хы боюнча очерктер» (1934), «Орус тили. Сөз тууралуу грамматикалык илим» (1947), «Пуш­кин жана орус адабий тилинин тарыхы» (1935), «Пушкиндин стили» (1941), «Көркөм проза туу­ралуу» (1930), «Көркөм адабияттын тили жөнүндө» (1959), «Стилистика. Поэтикалык сөздүн теориясы. Поэтика» (1963) аттуу белгилүү эмгектердин автору. Ленин ордени жана медал­дар менен сыйланган. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
03:49, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИНОГРА́ДОВ Виктор Владимирович [31.12. 1894 (12.1.1895), Зарайск – 4. 10.1969, Москва] – тилчи, адабиятчы, СССР Илимдер академиясынын академиги (1946). Петроград тарых-филология институтун жана археология институтун бүтүргөн (1917). Ленинград (1920–1929) жана Москва (1930–1962) университеттеринин профессору, Москва университетинин орус тил кафедрасынын башчысы (1945–1969),

СССР Илимдер академиясынын тил илими институтунун (1950–1954), СССР Илимдер академиясынын орус тил институтунун (1958–1968) директору, СССР Илимдер академиясынын тил жана адабият бөлүмүнүн академик-секретары (1950–1963), «Boпросы языкознания» журналынын редактору (1953–1969). Виноградов орус адабий тилинин грамматикалык түзүлүшүн, тарыхый стилистикасын, фразеологиясын, лексикологиясын терең изилдеп, жалпы тил илиминин маселелери боюнча да илимий эмгектерин жазган. Ал «XVII– XIX кылымдардагы орус адабий тилинин тарыхы боюнча очерктер» (1934), «Орус тили. Сөз тууралуу грамматикалык илим» (1947), «Пушкин жана орус адабий тилинин тарыхы» (1935), «Пушкиндин стили» (1941), «Көркөм проза тууралуу» (1930), «Көркөм адабияттын тили жөнүндө» (1959), «Стилистика. Поэтикалык сөздүн теориясы. Поэтика» (1963) аттуу белгилүү эмгектердин автору. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.