ВИРТУАЛ ЧЫНДЫК: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИРТУА́Л ЧЫНДЫК '''(Virtual Reality), ВЧ – ''мультимедиа'' колдонмолорунун бири. Анда ком­пьютер жасалма чөйрө түзөт, интерактивдүү ре­жимде айлана-чөйрөнү изилдеп, аны өзгөртө алат . | '''ВИРТУА́Л ЧЫНДЫК '''(Virtual Reality), ВЧ – ''мультимедиа'' колдонмолорунун бири. Анда ком­пьютер жасалма чөйрө түзөт, интерактивдүү ре­жимде айлана-чөйрөнү изилдеп, аны өзгөртө алат . Виртуал Чындыкты программалык жабдыгынын эң жөнөкөй түрү жер, ландшафт же имараттардын көлөмүн чыгарууга мүмкүндүк берет ж-а алар­дын конструкциясын көрсөтүүдө колдонулат. Виртуал Чындык программалык жабдыгынын кийинки түрү жа­салма чөйрөдө адам тажрыйба жүргүзүшү үчүн атайын баш кийим, костюм, колкап, көз айнек ж. б-ды кийип алат. Баш кийим жасалма чөй­рөнү көздүн алдына алып келип көрсөтөт. Кос­тюм ж-а колкап виртуал айлана-чөйрөдө буюм­ду кармоого ж-а тандоого мүмкүндүк берет. Адис эксперттердин айтуусуна караганда, костюм келечекте жыт сезүүнү, мамиле түзүүнү туюндур­тат ж-а виртуал дүйнөнү сездиртет. Виртуал Чындык көлөмдүү электрондук оюндарды сунуш кылат. Мындай оюндарда атайын видеоиздегич машинада генерацияланган айлана-чөйрөнү көрүүнү уюштурат. Электрондук оюн ландшафттын ичинде атка­рылат, машина оюнунда датчик кыймылды жазат ж-а тиешелүү түрдө алдыга жүргөндө ланд­шафтты өзгөртөт. Компаниялар Виртуал Чындыкты коммер­цияга колдонушууда. Мисалы, офис эмерегин са­туучу компаниялардын виртуал көргөзмө залын­да коюлган эмеректерди кардар карап, керек болсо жылдырып көрө алат. Автомобиль ж-а самолёт куруучулар алардын жаңы үлгүлөрүн текшерүү үчүн виртуал прототиптерди колдо­нушат, бул долбоорлоо убактысын кыскартат. Ошондой эле компьютердин Виртуал Чындык колдонмосу кызмат­керлерди кесипке окутууда, тармактык Виртуал Чындык үч өлчөмдүү сүрөттөлүштү көрсөтүүдө, аларды ин­терактивдүү режимде иликтөөгө ж-а өтө тез иштөөгө (манипуляциялоого) болот. Көпчүлүк тармакка негизделген Виртуал Чындык колдонмолору вирту­ал чындыкты үлгүлөөчү тилди [ВЧҮТди (VRML)] пайдаланып иштелип чыгып, эмерек коюлган бөлмө сыяктуу үч өлчөмдүү сүрөттөлүштөрдү иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. ''Чычканды'' кыймылдатып, Виртуал Чындык бөлмөнүн ичинде басып жүрүүгө болот. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
05:29, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВИРТУА́Л ЧЫНДЫК (Virtual Reality), ВЧ – мультимедиа колдонмолорунун бири. Анда компьютер жасалма чөйрө түзөт, интерактивдүү режимде айлана-чөйрөнү изилдеп, аны өзгөртө алат . Виртуал Чындыкты программалык жабдыгынын эң жөнөкөй түрү жер, ландшафт же имараттардын көлөмүн чыгарууга мүмкүндүк берет ж-а алардын конструкциясын көрсөтүүдө колдонулат. Виртуал Чындык программалык жабдыгынын кийинки түрү жасалма чөйрөдө адам тажрыйба жүргүзүшү үчүн атайын баш кийим, костюм, колкап, көз айнек ж. б-ды кийип алат. Баш кийим жасалма чөйрөнү көздүн алдына алып келип көрсөтөт. Костюм ж-а колкап виртуал айлана-чөйрөдө буюмду кармоого ж-а тандоого мүмкүндүк берет. Адис эксперттердин айтуусуна караганда, костюм келечекте жыт сезүүнү, мамиле түзүүнү туюндуртат ж-а виртуал дүйнөнү сездиртет. Виртуал Чындык көлөмдүү электрондук оюндарды сунуш кылат. Мындай оюндарда атайын видеоиздегич машинада генерацияланган айлана-чөйрөнү көрүүнү уюштурат. Электрондук оюн ландшафттын ичинде аткарылат, машина оюнунда датчик кыймылды жазат ж-а тиешелүү түрдө алдыга жүргөндө ландшафтты өзгөртөт. Компаниялар Виртуал Чындыкты коммерцияга колдонушууда. Мисалы, офис эмерегин сатуучу компаниялардын виртуал көргөзмө залында коюлган эмеректерди кардар карап, керек болсо жылдырып көрө алат. Автомобиль ж-а самолёт куруучулар алардын жаңы үлгүлөрүн текшерүү үчүн виртуал прототиптерди колдонушат, бул долбоорлоо убактысын кыскартат. Ошондой эле компьютердин Виртуал Чындык колдонмосу кызматкерлерди кесипке окутууда, тармактык Виртуал Чындык үч өлчөмдүү сүрөттөлүштү көрсөтүүдө, аларды интерактивдүү режимде иликтөөгө ж-а өтө тез иштөөгө (манипуляциялоого) болот. Көпчүлүк тармакка негизделген Виртуал Чындык колдонмолору виртуал чындыкты үлгүлөөчү тилди [ВЧҮТди (VRML)] пайдаланып иштелип чыгып, эмерек коюлган бөлмө сыяктуу үч өлчөмдүү сүрөттөлүштөрдү иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Чычканды кыймылдатып, Виртуал Чындык бөлмөнүн ичинде басып жүрүүгө болот.