ВОКЗАЛ ИМАРАТТАРЫ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВОКЗА́Л ИМАРАТТАРЫ '''( | '''ВОКЗА́Л ИМАРАТТАРЫ '''(англисче Vauxhall – Лондондогу көңүл ачуучу бактын атынан)— жүргүнчүлөрдү тейлөөчү имарат же имараттар комплекси. Вокзал имараттары автовокзал, аэровокзал, темир­жол вокзалы, деңиз вокзалы жана дарыя вокза­лы болуп бөлүнөт. Магистралда жайгаштыры­лышы боюнча акыркы же аяккы, түйүндүү, ара­лык, транзиттик; жүргүнчүлөрдү тейлөөгө жа­раша – алыскы, жергиликтүү,, шаар айланасына кат­тоочу, эл аралык деп аталат. Вокзал имараттары негизинен тө­мөнкүлөрдөн турат: вокзал алдындагы аянт, жүргүнчүлөр залы, касса, перрон, почта, кыз­матчылар бөлмөлөрү, буфет, ресторан жана мей­манкана. Жүргүнчүлөрдү тейлөө иши – билет сатуу, жүктөрдү кабыл алуу жана кайра берүү, кол жүктөрүн сактоо, транспорттун келип, кетүүсүн өз убагында жарыялап туруу жана башкалар. Транспорттун бир нече түрлөрүн бир убакта пайдала­нуучу жүргүнчүлөр үчүн атайын бириктирилген вокзалдар курулат. Алгачкы Вокзал имараттары 1822–1825-жылдары Стоктон – Дарлингтон (Англия) линиясында те­мир жол боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда курулган. XIX кылымдын башында жана XX кылымдын аягында Вокзал имараттарын куруу ири шаарларда тездик менен өнүгө баштаган. Бириктирилген Вокзал имараттары шаар­дык транспорттун кыймылын азайтып, транс­порттук жана инженердик коммуникацияларды жана толук баалуу, өнүккөн архитектуралык ансамбл­ди курууну жеңилдетет. Кыргызстанда темир жол вокзалдары жана автовокзалдар гана бар. <br> | ||
<br> | |||
[[File:ВОКЗАЛ ИМАРАТТАРЫ44.png | thumb | Бишкек темиржол вок­залы.]] | [[File:ВОКЗАЛ ИМАРАТТАРЫ44.png | thumb | Бишкек темиржол вок­залы.]] | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
06:47, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВОКЗА́Л ИМАРАТТАРЫ (англисче Vauxhall – Лондондогу көңүл ачуучу бактын атынан)— жүргүнчүлөрдү тейлөөчү имарат же имараттар комплекси. Вокзал имараттары автовокзал, аэровокзал, темиржол вокзалы, деңиз вокзалы жана дарыя вокзалы болуп бөлүнөт. Магистралда жайгаштырылышы боюнча акыркы же аяккы, түйүндүү, аралык, транзиттик; жүргүнчүлөрдү тейлөөгө жараша – алыскы, жергиликтүү,, шаар айланасына каттоочу, эл аралык деп аталат. Вокзал имараттары негизинен төмөнкүлөрдөн турат: вокзал алдындагы аянт, жүргүнчүлөр залы, касса, перрон, почта, кызматчылар бөлмөлөрү, буфет, ресторан жана мейманкана. Жүргүнчүлөрдү тейлөө иши – билет сатуу, жүктөрдү кабыл алуу жана кайра берүү, кол жүктөрүн сактоо, транспорттун келип, кетүүсүн өз убагында жарыялап туруу жана башкалар. Транспорттун бир нече түрлөрүн бир убакта пайдалануучу жүргүнчүлөр үчүн атайын бириктирилген вокзалдар курулат. Алгачкы Вокзал имараттары 1822–1825-жылдары Стоктон – Дарлингтон (Англия) линиясында темир жол боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда курулган. XIX кылымдын башында жана XX кылымдын аягында Вокзал имараттарын куруу ири шаарларда тездик менен өнүгө баштаган. Бириктирилген Вокзал имараттары шаардык транспорттун кыймылын азайтып, транспорттук жана инженердик коммуникацияларды жана толук баалуу, өнүккөн архитектуралык ансамблди курууну жеңилдетет. Кыргызстанда темир жол вокзалдары жана автовокзалдар гана бар.
