ВОРОНЕЖ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВОРО́НЕЖ '''– Россиядагы шаар, Воронеж | '''ВОРО́НЕЖ '''– Россиядагы шаар, Воронеж облусу­нун административдик борбору. Калкы 848,8 миң (2005). Об­лустун түндък.-батыш бөлүгүндө, Воронеж дарыясы Дон дарыясына куя бериште (чатынан 12 ''км'' аралыкта) жай­гашкан. Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.[[File:ВОРОНЕЖ60.png | thumb | Шаардагы таш көпүрө.]] | ||

1584-жылы негизделген. 1711-жылдан Азов, 1725-жылдын Воронеж губернияларынын борбору. Совет өкмөтү 1917-жылы 30-октябрда (12-ноябрь) орногон. 18–19-кылымдын орто ченинен Борбордук Рос­сиядагы кендир өндүрүшүнүн, 20-кылымдын башы­нан ири өнөр жай борбору болгон. Улуу Ата Мекендик согушта катуу бүлүнүүгө дуушарла­нып, 1946-жылкы башкы план боюнча калыбына кел­тирилген. Барокко стилиндеги чиркөөлөр (Воскресенье, 1761–1768; Николай, 1712–1720) жана үйлөр, соборлор, аялдар монастыры, 17–19-кылымдын жана заманбап курулуштары бар. 19–20-кылымдын 2-жа­рымындагы архитектуралык курулуштар басымдуу. Эстеликтер, мемориалдар, акындар И. С. Ники­тиндин ж-а А. В. Кольцовдун үй-музейлери бар. Воронеж. – билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын ири борбору. Шаарда 56 илим-изилдөө жана конструкция дол­боорлоо институттары, 46 Жогорку окуу жайы (филиалдары менен; анын ичинде университеттер), академиялар (токой, архитектура-ку­рулуш, медицина, техника.), китепканалар, музейлер, «Арсенал», театрлар (опера жана балет, драма, жаштар, куурчак), филармония, симфониялык оркестр, цирк жана башкалар иштейт. Радио-электрони­ка, авиа-космос (акционердик самолёт куруу), химия. («Воронежшина»), тамак-аш (ун-акшак) өнөр жай ишканалары, тепловоз, вагон ремонт­тоо, оор механика пресс, тоо кен байытуу жана медицина жабдуу заводдору, курулуш материалдар, трико­таж буюмдары, резина буткийимдер жана башка өндү­рүштөрү, шаардын четинде археология, табигый тарыхый-археология. музей-корук, Д. В. Веневитинов­дун музей-чарбагы бар.

Ад.: ''Кононов В. И''. Воронеж: История города в памятниках и мемориальных досках. Воронеж, 2005. | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | |||
[[File:ВОРОНЕЖ60.png | thumb | Шаардагы таш көпүрө.]] | |||

Ад.: ''Кононов В. И''. Воронеж: История города в памятниках и мемориальных досках. Воронеж, 2005. | |||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
07:57, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
ВОРО́НЕЖ – Россиядагы шаар, Воронеж облусунун административдик борбору. Калкы 848,8 миң (2005). Облустун түндък.-батыш бөлүгүндө, Воронеж дарыясы Дон дарыясына куя бериште (чатынан 12 км аралыкта) жайгашкан. Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.

1584-жылы негизделген. 1711-жылдан Азов, 1725-жылдын Воронеж губернияларынын борбору. Совет өкмөтү 1917-жылы 30-октябрда (12-ноябрь) орногон. 18–19-кылымдын орто ченинен Борбордук Россиядагы кендир өндүрүшүнүн, 20-кылымдын башынан ири өнөр жай борбору болгон. Улуу Ата Мекендик согушта катуу бүлүнүүгө дуушарланып, 1946-жылкы башкы план боюнча калыбына келтирилген. Барокко стилиндеги чиркөөлөр (Воскресенье, 1761–1768; Николай, 1712–1720) жана үйлөр, соборлор, аялдар монастыры, 17–19-кылымдын жана заманбап курулуштары бар. 19–20-кылымдын 2-жарымындагы архитектуралык курулуштар басымдуу. Эстеликтер, мемориалдар, акындар И. С. Никитиндин ж-а А. В. Кольцовдун үй-музейлери бар. Воронеж. – билим берүүнүн, илимдин жана маданияттын ири борбору. Шаарда 56 илим-изилдөө жана конструкция долбоорлоо институттары, 46 Жогорку окуу жайы (филиалдары менен; анын ичинде университеттер), академиялар (токой, архитектура-курулуш, медицина, техника.), китепканалар, музейлер, «Арсенал», театрлар (опера жана балет, драма, жаштар, куурчак), филармония, симфониялык оркестр, цирк жана башкалар иштейт. Радио-электроника, авиа-космос (акционердик самолёт куруу), химия. («Воронежшина»), тамак-аш (ун-акшак) өнөр жай ишканалары, тепловоз, вагон ремонттоо, оор механика пресс, тоо кен байытуу жана медицина жабдуу заводдору, курулуш материалдар, трикотаж буюмдары, резина буткийимдер жана башка өндүрүштөрү, шаардын четинде археология, табигый тарыхый-археология. музей-корук, Д. В. Веневитиновдун музей-чарбагы бар.
Ад.: Кононов В. И. Воронеж: История города в памятниках и мемориальных досках. Воронеж, 2005.