ВИРУС ООРУЛАРЫ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВИ́РУС ООРУЛАРЫ '''– ''вирустар'' козгоочу оору­лар. Алар м-н киши, айбанаттар, куштар, ба­лыктар, өсүмдүктөр, бактериялар ооруйт. Ви­рустардын клеткалар м-н өз ара аракетинен түрдүү жугуштуу оорулар пайда болуп, тез өөр­чүгөндө клетка өлөт. Кээде вирус клеткага өзү­нүн зыяндуу таасирин көпкө чейин билгизбей, оору узакка созулуп, өнөкөт түрүндө өтөт. Ка­туу кармаган вирус инфекциясына караганда билинбей өтүүчү инфекция (учук, полиомиелит, грипп, энцефомиелит ж. б. оорулар) көп кезде­шет. Бул ооруларды пайда кылган вирустар организмде көпкө чейин (айрым учурда өмүр бою) билинбей сакталат. Айлана-чөйрөнүнүн ар кандай терс таасиринин (суукка урунуу, күн ж-а рентген нурлары, химиялык заттар, психикалык стресс ж. б.) натыйжасын­да клеткада билин­бей жаткан вирустар жанданып, алардын оору козгоо жөндөм­дүүлүгү жогорулайт. Кээ бир | '''ВИ́РУС ООРУЛАРЫ '''– ''вирустар'' козгоочу оору­лар. Алар м-н киши, айбанаттар, куштар, ба­лыктар, өсүмдүктөр, бактериялар ооруйт. Ви­рустардын клеткалар м-н өз ара аракетинен түрдүү жугуштуу оорулар пайда болуп, тез өөр­чүгөндө клетка өлөт. Кээде вирус клеткага өзү­нүн зыяндуу таасирин көпкө чейин билгизбей, оору узакка созулуп, өнөкөт түрүндө өтөт. Ка­туу кармаган вирус инфекциясына караганда билинбей өтүүчү инфекция (учук, полиомиелит, грипп, энцефомиелит ж. б. оорулар) көп кезде­шет. Бул ооруларды пайда кылган вирустар организмде көпкө чейин (айрым учурда өмүр бою) билинбей сакталат. Айлана-чөйрөнүнүн ар кандай терс таасиринин (суукка урунуу, күн ж-а рентген нурлары, химиялык заттар, психикалык стресс ж. б.) натыйжасын­да клеткада билин­бей жаткан вирустар жанданып, алардын оору козгоо жөндөм­дүүлүгү жогорулайт. Кээ бир вирус ооруларында жалпы дене жабыр­кайт ж-а ууланат (''кызылча, грипп, че­чек, кутурма'' ж. б.), айрымдарында тери же былжыр чел (учук, папиллома), орган ж-а ткань (жүрөк, булчуң, боор) сезгенет, ошондой эле лейкоздор (кан­дын рак оорусу) ж-а коркунучтуу шишик (сар­кома, рак) ж. б. түрүндө да өтөт. ''Вирустуу гепа­тит,'' кызылча, грипп, ''туберкулёз, полиомие­лит, суу чечек'' ж. б. оорулар кеңири таралган вирус ооруларына кирет. Алар аба, тамак-аш, сүт, суу, түрдүү буюмдар, курт-кумурска (кене, чиркей) аркылуу жугат. Дарылоо оорунун белгилерине жараша жүргүзүлөт. Ооруну алдын алууда оору­лууну өз убагында ооруканага жаткыруу, оору­нун негизги булактарын жоготуу зарыл. Вирус оорулары катталып, статистикалык эсепке алынып ту­рат. Чечек, вирустуу сары безгек оорулары боюнча Эл аралык карантин конвенциялары бар. Вирус ооруларына каршы эмдөөлөр жүргүзүлөт. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
09:01, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИ́РУС ООРУЛАРЫ – вирустар козгоочу оорулар. Алар м-н киши, айбанаттар, куштар, балыктар, өсүмдүктөр, бактериялар ооруйт. Вирустардын клеткалар м-н өз ара аракетинен түрдүү жугуштуу оорулар пайда болуп, тез өөрчүгөндө клетка өлөт. Кээде вирус клеткага өзүнүн зыяндуу таасирин көпкө чейин билгизбей, оору узакка созулуп, өнөкөт түрүндө өтөт. Катуу кармаган вирус инфекциясына караганда билинбей өтүүчү инфекция (учук, полиомиелит, грипп, энцефомиелит ж. б. оорулар) көп кездешет. Бул ооруларды пайда кылган вирустар организмде көпкө чейин (айрым учурда өмүр бою) билинбей сакталат. Айлана-чөйрөнүнүн ар кандай терс таасиринин (суукка урунуу, күн ж-а рентген нурлары, химиялык заттар, психикалык стресс ж. б.) натыйжасында клеткада билинбей жаткан вирустар жанданып, алардын оору козгоо жөндөмдүүлүгү жогорулайт. Кээ бир вирус ооруларында жалпы дене жабыркайт ж-а ууланат (кызылча, грипп, чечек, кутурма ж. б.), айрымдарында тери же былжыр чел (учук, папиллома), орган ж-а ткань (жүрөк, булчуң, боор) сезгенет, ошондой эле лейкоздор (кандын рак оорусу) ж-а коркунучтуу шишик (саркома, рак) ж. б. түрүндө да өтөт. Вирустуу гепатит, кызылча, грипп, туберкулёз, полиомиелит, суу чечек ж. б. оорулар кеңири таралган вирус ооруларына кирет. Алар аба, тамак-аш, сүт, суу, түрдүү буюмдар, курт-кумурска (кене, чиркей) аркылуу жугат. Дарылоо оорунун белгилерине жараша жүргүзүлөт. Ооруну алдын алууда оорулууну өз убагында ооруканага жаткыруу, оорунун негизги булактарын жоготуу зарыл. Вирус оорулары катталып, статистикалык эсепке алынып турат. Чечек, вирустуу сары безгек оорулары боюнча Эл аралык карантин конвенциялары бар. Вирус ооруларына каршы эмдөөлөр жүргүзүлөт.