ВИСМАР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |

2 сап: | 2 сап: | ||
[[File:ВИСМАР30.png | thumb | Ыйык Николай чиркөөсү.|295x295px]] | [[File:ВИСМАР30.png | thumb | Ыйык Николай чиркөөсү.|295x295px]] | ||

батыш мунарасы (1260), Ыйык Николай (1381– 1487), Ыйык Георгий (XIII–XVI кылым), Ыйык Периш­те (XV кылым) чиркөөлөрү, Мекленбург княздарынын ренессанс стилиндеги Фюрстенхоф сарайы, ба­рокко стилиндеги Цейхгауз (XVIII кылым), ренессанс сти­линдеги «Суу искусствосу» фонтаны бар. XIV–XIX кылымдын үйлөрү менен курчалган Чоң базар аянты сакталган. Шаардын тарыхый борбордук бөлүгү ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген. |

батыш мунарасы (1260), Ыйык Николай (1381– 1487), Ыйык Георгий (XIII–XVI кылым), Ыйык Периш­те (XV кылым) чиркөөлөрү, Мекленбург княздарынын ренессанс стилиндеги Фюрстенхоф сарайы, ба­рокко стилиндеги Цейхгауз (XVIII кылым), ренессанс сти­линдеги «Суу искусствосу» фонтаны бар. XIV–XIX кылымдын үйлөрү менен курчалган Чоң базар аянты сакталган. Шаардын тарыхый борбордук бөлүгү ''Бүткүл дүйнөлүк мурастын'' тизмесине кирген. Технология, бизнес жана дизайн университети, тарых му­зейи, театр, зоопарк бар. Висмар – балык кармоочу флоттун базасы. Кеме куруу жана ремонттоо, ба­лык өнөр жай ишканалары иштейт. | ||
[[Category: 2-том, 500-554 бб]] | [[Category: 2-том, 500-554 бб]] |
10:20, 29 Январь (Үчтүн айы) 2025 -га соңку нускасы
ВИ́СМАР – Германиянын түндүгүндөгү шаар, Мекленбург – Алдыңкы Померания жеринин (административдик-аймактык бирдик) аймагында. Калкы 44,8 миң (2006). Балтика деңизиндеги Висмар бухтасында жайгашкан порт. Алгач 1229-жылдан эскерилет. 1257–1358-жылдары Мекленбург княздарынын резиденциясы. Висмардын борборунда готика стилинде кыштан салынган Ыйык Мария чиркөөсүнүн

батыш мунарасы (1260), Ыйык Николай (1381– 1487), Ыйык Георгий (XIII–XVI кылым), Ыйык Периште (XV кылым) чиркөөлөрү, Мекленбург княздарынын ренессанс стилиндеги Фюрстенхоф сарайы, барокко стилиндеги Цейхгауз (XVIII кылым), ренессанс стилиндеги «Суу искусствосу» фонтаны бар. XIV–XIX кылымдын үйлөрү менен курчалган Чоң базар аянты сакталган. Шаардын тарыхый борбордук бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Технология, бизнес жана дизайн университети, тарых музейи, театр, зоопарк бар. Висмар – балык кармоочу флоттун базасы. Кеме куруу жана ремонттоо, балык өнөр жай ишканалары иштейт.