ВИШНЕВСКИЙ Александр Васильевич: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

08:18, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

ВИШНЕ́ВСКИЙ Александр Васильевич [23.8 (4.9).1874, Дагстан, Чирьюрт айылы – 13.11.1948, Москва] — советтик хирург, СССР МИАнын анык мүчөсү (1947), РСФСРдин илимге эмгек сиңирген иш­мери (1934). Казан университетинин медицина факультетин бүткөн (1899). Казандагы госпиталдык хирургия (1914— 25) ж-а факультеттик хирургия клиникасынын баш­чысы (1926—34). СССР МИАнын хирургия ин­ститутунун директору (1947). Ушул институтка 1948-жылы Вишневскийдин ысмы коюлган. Вишневский операция убагында ооруганды сездирбей турган новокаинди колдо­нуу ж-а майлуу бальзамды (Вишневский майы) сыйпап таңуу методун сунуш кылган. Бул ме­тод антисептикалык дары катары гана эмес, нерв системасына таасир эткендиктен, ткандардын сезгенишин (гангрена, трофикалык жара, тром­бофлебит, чыйкан, ириң толгон шишикти) да­рылоодо да жакшы натыйжа берет. СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1942). Ленин, Эмгек Кы­зыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.