БАЗАРКУЛОВ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЗАРКУЛОВ Мукаш (5. 6. 1935-ж. т., Нарын обл., Акталаа р-ну, Саз айылы) - педагог, КР-дин эл мугалими (2005). Мугалимдердин эки жылдык ин-тун (1955), КМУнун филология ф-тин бүтүргөн (1962). 1955-57-ж. Акталаа р-нун­дагы «Жаңы-Тилек», «Саз» жети жылдык мектепте­ринде мугалим болуп иш­теген. 1965-ж. чейин Тогуз-торо р-нундагы орто мектеп­те мугалим, Акталаа р-ндук билим берүү бөлүмүнүн баш­чысы, Кырг-н Компартия­сынын Акталаа райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн баш­чысы (1965-68), 1970-ж. КП БКнын инспектору, 1971-

79-ж. партиянын Талас райкомунун экинчи ж-а биринчи секретары, 1979-91-ж. Билим берүү министри болгон. 1991-жылдан Чүй обл. билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп эмгек­тенет. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Эмгек Кызыл Туу ордени (1973) ж-а медалдар м-н сыйланган.