БАЙБИЧЕ-ТОО: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙБИЧЕТОО — Ички Теңиртоодогу тоо; Каратоонун уландысы. Орто Нарын ж-а Атбашы өрөөндөрүн бөлүп турат. Уз. 140 км, туурасы 13 км. Орт. бийикт. 3890 м, эң бийик жери 4337 м. Палеозойдун акиташ, сланец ж-а гранит тектеринен турат. Түзүлүшү б-ча горст-антиклиналь. Чыгыш тарабы кууш, коктулуу. Тоону кесип өткөн антецедент капчыгайлары (Карабук, Актал, Учкун, Терек) бар. Кыры тайпак, мөңгү жок. Түн.-чыгыш капталдарынын айрым жерлеринде токой (карагай, бадал), колотторунда субальп өсүмдүктөрү (3100-3300 м), түш. күнөстүү беттеринде бетеге, шыбак, доңузсырты өсөт. Малга жайлуу. Б. аркылуу Баетов кыш-нан Ортосыртка автомобиль жолу өтөт.
