БАЙГАБЫЛ: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙГАБЫЛ - акын. Ушул күнгө чейин дареги белгисиз болуп, эл кыялынын туундусу катарында бааланып келген. Ошол себептүү «Чата кыз менен Байгабылдын айтышынын» бир түрү элдик адат-салт айтышынын үлгүсү катары жыйнакка кирген. Кийинки табылган маалымат б-ча анын Талас өрөөнүнөн чыккан реалдуу акын экендиги, уруусу кытай, кийин солтолорго качып келип, Осоке бийге ырчы болуп жүргөндүгү аныкталган. 1858-ж. таластык Сартбай акын м-н айтышып жеңилет. Экөө беттешкен учурда Сартбай 19 жашта (ал 1839-ж. туулган), Байгабыл 40-45 жаш куракта болот. Демек, Б. болжол м-н 1818-20-ж. төрелгөн. Бирок турагы, качан өлгөндүгү, атасынын аты белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда табышмактуу айтыштын устаты болуп, бир ашта Көкшалкы байдын Чата кызын жеңип кетет. Айтыш көлөмдүү, анда каршысынын табышмагын жандырууда Б-дын акындык дараметинин күчтүүлүгү байкалат. Айтыштын варианттары эл арасына кеңири тараган.