БАЙГЕ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЙГЕ — мелдеште жеңгендиги үчүн берилүүчү сыйлык. Ат чабыш, жорго салыш, эр салыш, оодарыш, балбан күрөш, жөө жарыш, ордо, бука тартыш, бута атыш, жамбы атыш, кыз куумай, тыйын эңмей, көкбөрү, сундуй көтөрүү ж. б. эл­дик оюндарда жеңгендерге Б. берилген. Б-ге мал, мүлк, пул, кийим, кооздук буюм ж. б. сый­лыктар коюлган. Мис., Шабдандын ашындагы чоң ат чабыштын 1-байгеси 5000 сом болгон. Азыркы учурда Б-ге автомашина ж. б. буюм­дар, о. эле акчалай сыйлыктар берилүүдө.