БАЙДУЛУ ТЕМИР КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙДУЛУ ТЕМИР КЕНИ Нарын р-нунда, Нарын ш-нан 65 км түн. тарапта, Байдулу тоосунун түш. капталында, деңиз деңг. 3600-3900 м бийиктикте. 1931-ж. табылып, 1950-ж. геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагында палеозойдун чөкмөтектери ж-а татаал түзүлүштөгү габбро, перидотит дайкалары жатат. Кенташ (руда) тулкусу тектон. жаракалар м-н тилмеленген дайкалар ж-а акиташтегинин кошулган жериндеги карбонат-серпентиндүү брекчияда топтолгон. Кен тилкесинин уз. 12 км ге чейин. Негизги минералдары: магнетит ж-а гематит, аз санда пирит, халькопирит, борнит кездешет. Темирдин кондициялык өлчөмү 30,48-53,48%. Запасы 210,7 млн т.