БАЙЗАК Жаркынбай уулу: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙЗАК 1 Жаркынбай уулу, Б а й з а к б а ат ы р, Б а й з а к а ж ы (1833, Жумгал өрөөнү - 7. 9. 1914, Жумгал өрөөнү, Көгой деген жер) - чекир саяк уруусунун кулжыгач уругунан чыккан манап. Ал кыргыз жергесинин чегарасын тактоого ж-а белгилөөгө чоң салым кошкон. Молдодон окуп, кат таанып, өз мезгилиндеги сабаттуу адамдардан болгон. Б. кербендер м-н Үрүмчү, Үчтурпан, Кашкар, Кулжага барып, кыргыздын чектери м-н толук таанышып чыккан. Кийин эки жолу Ташкен, Кокон, Самаркан, Бухарага чейин барып, шаар калкынын турмуш-тиричилигин өздөштүрүп, таалим алган. Кыргыз-кытай чегарасын ажыратууда Б-ты орус экспедициясы кыргыз өкүлү катары катыштырып, анын чегараны тактоо ишинде «өзгөчө кызматы үчүн» 1883-ж. Россия императорлугу Станислав тасмасындагы күмүш медаль м-н сыйлаган. Мындан тышкары, Жалалабат, Нарын уезддеринин, казак, тажиктер м-н да чек ажыратууга катышкан. 1871-79-ж. Пишпек уездиндеги Кулжыгач болушгугунун айылдарынын биринде бий, кийин болушка талапкерликке (кандидат) шайланган. 1879-85-ж. эки ирет шайлоодон өтүп, 6 жыл болуш, 1885-жылдан өмүрүнүн акырына чейин элүү башчы болгон. 1879-ж. 30-январда «кызматта айырмаланып, өзгөчө берилгендиги үчүн» Россия императорлугунун Станислав тасмасындагы кичи алтын медалы менен сыйланган. Ал Шабдан баатырдын жакын досу болгон. Эл арасында оозеки айтылып жүргөн баяндарда Байзак Шабдандын өмүрүнө кол салуу уюшулгандыгынан кабардар болору м-н чечкиндүү чараларды колдонуп, аны өлүмдөн алып калгандыгы, о. эле Шабдан м-н бирге Ош -Алай тарапка барышып, Курманжан даткага атайы жолугушуп, анын күйөөсүАлымбек датканын арбагына багыштап куран окутуп келишкендиги тууралуу да айтылат. Боом капчыгайын аралап өткөн жолду салууда кыргыздар тарабынан Б-тын да кол кабыш кылгандыгы тууралуу (Шабдан негизги аткаруучу-подрядчик болгон) архивдик документтерде баяндалат. 2003-ж. октябрь айында 170 жылдыгы респ. деңгээлде белгиленип, анын алкагында ил. конференция өткөрүлгөн. 1994-ж. мурдагы Кайырма айылына анын ысмы берилген. Кийин бул жерде күмбөзү тургузулган. Д. Сапаралиев.