БАЙЗАКОВ Түмөнбай: нускалардын айырмасы
vol2_1-69_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы
БАЙЗАКОВ 1 Түмөнбай (23. 9. 1923, Жалалабат обл., Сузак р-ну, Бөкөй айылы - 1992, Бишкек) - акын, котормочу. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Жалалабат пед. окуу жайына өтүп, 1941-ж. Грозный ш-ндагы аскер окуу жайына жиберилген. КМУнун филология ф-тин бүткөн (1954). Ошол жылдан Кырг-н КП БКнын алдындагы респ-лык парт. мектепте окутуучу, 1955-60-ж. Кырг-н жазуучулар союзунда адабий кеңешчи, 1960-64-ж. СССР жазуучулар союзунда кыргыз ад-ты б-ча адабий кеңешчи, 1964-79-ж. Кырг-н мамл. басма к-тинде иштеген. «Паризат» аттуу биринчи поэтикалык жыйнагы 1958-ж. жарык көргөн. Кийин «Биз жакта» (1969), «Кар бетине жаздым кат» (1970), «Мезгил чыйыры» (1972), «Самай берем» (1973), «Оттуу курак» (1975), «Ак таңдар» (1982), «Өмүр берекеси» (1986), «Ышкы багы» (1993) ж. б. ыр, поэмалар жыйнактары, Муса Жалилдин, М. Рыльскийдин, X. Алимжандын, Миртемирдин, Зульфиянын ж. б. ыр, поэмаларын которуп, басмадан чыгарган (1956, 1962, 1966, 1968). «Паризат» поэмасында Октябрь рев-ясына чейинки кыргыз кыздарынын оор тагдыры, теңсиздик, махабат трагедиясы чагылдырылган. Акын «Денемде жатат коргошун», «Согуш эмне?», «Он сегиз жаш», «Нөшөрдө», «Жол карайт эне» аттуу ырларын согуш темасына арнаган. «Гүлдөйүнчү көктөмдөй», «Сага сундум гүлүмдү», «Күтөр бекен багында?», «Эмне болду?», «Жүрөк гүлүн табабыз» сыяктуу лирикаларында Чыгыш поэзиясынын таасири байкалат. Акын «Байлыгым бар», «Жаз келди», «Жаштык түшсө жадыма», «Билерик», «Он беш кайрык» ж. б. сонеттерди жазган. Б-дун поэзиясына ойдун кыска, так, метафоралуу берилиши мүнөздүү. Көпчүлүк ырлары кош саптан туруп, «бейт» формасында жазылган. Анын ондогон ырларына обон чыгарылган. 1985-ж. «Наедине с мечтой» аттуу орус тилинде жарык көргөн поэтикалык жыйнагы үчүн СССР жазуучулар союзунун А. Фадеев атн. адабий сыйл. ыйгарылган. I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.