БАЙКАЛ КОРУГУ: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЙКАЛ КОРУГУ Бурятияда. Байкал көлүнүн түш. жээктерин, Хамар-Дабан кыркатоосунун (бийикт. 2900 м ге чейин) капталын ээлейт. Аян­ты 1657 км2. 1969-ж Забайкальенин күңүрт ийне жалбырактуу тайга, парк тибиндеги көк карагай токойлорун, субальп шалбаасын, эңил­чектүү тундра табигый комплекстерин изилдөө үчүн уюшулган. Марал, түн. бугусу, булгун, росомаха, күрөң аюу мекендейт. Канаттуулардан токой чили, кереңкур, чил, туйгун кездешет. Б. к-на бүгүнкү күндө антропогендик таасир күч алууда. Ага жакын жайгашкан Байкальск ж. б. шаарлардан булганыч заттардын атм. ар­кылуу келгени баамдалган. Айрыкча, Байкал көлү булганууда. Ага жылына 700 кг нитрат, 8400 кг нефть бирикмелери ж. б. заттар кошу­лууда.