БАЙКОНУР: нускалардын айырмасы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_1-69_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 -деги абалы

БАЙКОНУР - космостук кемелерди, орбиталык ж-а автоматтык планета аралык станциялар­ды учуруучу ж-а даярдоочу дүйнөдөгү ири кос­модромдордун бири. Аянты 6717 км2. Казак­стандын Кызыл-Ордо обл-ндагы Байкоңур ш-нын жанында жайгашкан. 1955-ж. курулуп, 1991-ж. Казакстандын менчигине өткөн ж-а ижара келишими б-ча 20 жылга РФке берилген (2004-ж. ижаранын мөөнөтү 2050-жылга чейин узартылган). Б-дун курамында жеңил, орто ж-а оор класстагы ракета алып жүрүүчүлөрдү («Циклон-М», «Молния», «Восток», «Союз» ж. б.) даярдоочу ж-а учуруучу 9 старттык, 43 тех. комплекс, 3 май куючу станция ж-а кычкыл­тек-азот з-ду бар. Космодромдун инфраструкту­расы 2 аэродром, байланыш, электрдик, суу ж-а жылуулук жабдууларын, о. эле авто ж-а темиржол түйүндөрүн камтыйт. Б-дагы алгач­кы учуруу сыноолору 1957-ж. май-сентябрь айларында өткөрүлгөн. Ошол эле жылдын 4-ок­тябрында 1-Жердин жасалма спутниги орбитага чыгарылган, 1961-ж. 12-апрелде «Восток» космостук кемеси м-н Ю. А. Гагарин учкан. Б-дан көптөгөн сов. космостук кемелер («Восток», «Восход» ж.б.) ж-а орбиталык станциялар («Салют» ж-а «Мир») ж. б. көптөгөн Жердин жасалма спутниктери учурулган.